• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ШИИБ: Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү – милиция кызматкери

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.17 /Кабар/. Бишкектеги Айтматов проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн эртең менен эки унаа кагылышкан. Натыйжада эки адам каза болгон.

ШИИБден билдиришкендей, Toyota Windom унаасынын айдоочусу – Ленин райондук ИИБ кызматкери, ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштейт. Милициядан ал унааны мас абалында башкарып бара жатканын кошумчалашты.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бир катар соттук экспертизалар белгиленди. Ошондой эле, кызматтык тергөө жүргүзүлөт.

ШИИБден жол кырсыгы 6:15те болгонун айтышты. Окуя болгон жерди текшерүүдө Toyota Windom унаасынын 28 жаштагы айдоочусу Айтматов проспектиси боюнча бара жатып, кызыл күйгөндө токтогон Mazda унаасын сүзүп алган. Соккудан соң Mazda алдыда токтоп турган унаалар менен кагылышкан.

Жол кырсыгынан эки адам Mazda унаасынын айдоочусу Ш.В. (1974-ж. туулган) жана жүргүнчүсү К.Д. (1990-жылы туулган) каза болгон. Башка унаалардын жүргүнчүлөрү жана айдоочулары жеңил жаракаттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий