• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ширетүү иштерин жасап берем деп 10 миңге жакын акча алып, качып жүргөн шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Бишкекте ширетүү иштерин жасап берем деп 10 миңге жакын акча алып, качып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 23-декабрда саат 15:25тер чамасында "102" кызматына Чыгыш-5 дарегинен чалуу түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келгенде 54 жаштагы К.Б. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш жаран арыз ээсинин ширетүү иштерин жасап берем деп 10 миңге жакын акчасын алдоо жолу менен алып, качып жүргөнүн маалымдаган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 35 жаштагы Н.Ш. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий