• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ширин Айтматованын күйөөсү 20-февралга чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Бишкек шаардык соту Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевди ушул жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук коллегия бүгүн айыпталуучунун жактоочусу М.Эшперовдун Биринчи май райондук соттун айыпталуучу Кенжебаев С.М., баш коргоо чарасын узартуу боюнча чечимине карата апелляциялык доосун карап чыкты.

Ошентип, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. “Жактоочунун доосу канааттандыруусуз калтырылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ширин Айтматованын жарандык күйөөсү Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий