• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ШКУ-2019 саммитинин расмий сайты ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) - 2019 саммитинин http:summit.gov.kg расмий сайты ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Ал билдиргендей, расмий сайт коомчулукка, эл аралык коомчулукка, ММК өкүлдөрүнө жана баардык каалоочуларга КРнын ШКУдагы төрагалыгы алкагында болуп жаткан иш-чаралар менен тааныша алат.

“Сайтта ШКУ жана уюмдун мүчөлөрү болгон мамлекеттер тууралуу толук маалыматтарды ала алышат. Андан тышкары чет элдик ММК өкүлдөрүн аккредитациялоо жана башка суроолорго жооп таба алышат. Ошондой эле, ШКУнун саммитин өткөрүү жана анын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар жайгаштырылат”, - деди Дыйканбаев.

Пикир

Оставить комментарий