• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ШКУ байкоочулары: Кыргызстанда ачык, эркин жана демократиялуу президенттик шайлоо өттү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргызстандын президенттик шайлоосун ачык, эркин жана демократиялуу катары тааныды. Бул тууралуу маалымат жыйында ШКУ баш катчысы Рашид Алимов билдирди.

Анын айтымында, КРдагы шайлоо улуттук мыйзамдардын жана эл аралык ченемдердин талабына ылайык өттү.

“Миссия шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуу экенине шек туудурган бузууларды байкаган жок. Шайлоо процессинде бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү. Биз Кыргызстандагы президенттик шайлоо жаңы шайлоо технологияларын колдонуу менен өткөнүн белгилебей кое албайбыз. Мен биометрикалык идентификациялоо жана АЭУ тууралуу айтып жатам”, - деди ал.

Алимов маанилүү бөлүктөрдүн бири катары операторлордун жана шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдыгын белгиледи.

“Ар бир шайлоочуга өзүн тизмеден алдын ала текшерүү мүмкүнчүлүгү берилгенин айтып коюу керек. Биз жарандардын активдүү катышуусун айткыбыз келет. Тилкелерде болгонубузда бизге жарандардан эч кандай даттануулар түшкөн жок”,-деп кошумчалады ал.

ШКУ байкоочулары Кыргызстанга бир жарым ай мурда келишкен. Шайлоо күнү алар өлкөнүн 5 облусунун 189 тилкесине барышкан.

Пикир

Оставить комментарий