• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ШКУ саммити: 5 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылат

Коом 0


Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарлары болгон маалда коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИМдин баардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, 12-15-июнь күндөрү коопсуздукту камсыздоого 5 миңден ашык милиция кызматкери жана 250 унаа чыгат.

"ШКУ саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында саммит маалында милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүүдө. Өтө турган иш-чаралардын маанилүү экенине байланыштуу, ИИМ шаар тургундары менен конокторун өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, айдоочулук маданиятты жана эрежелерди сактап, белгиленбеген жерге унааларды токтотпоого жана көзөмөлсүз калтырбоого, жол тыгындары жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык болбошу үчүн карама-каршы тилкеге чыкпоону суранат. Ошондой эле ИИМ убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жол кыймылынын катышуучулары бул зарыл болгон чараларга түшүнүү менен карайт деп ишенет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий