• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ШКУ саммити: Дүйнөнүн көңүл чордонунда

Аналитика 0

2018-жылдын июнь айында Кытайдын Циндао шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммитинде уюмдагы төрагалык милдет Кыргызстанга өткөрүлгөн. Мындан улам ШКУ өлкөлөрүнүн башчыларынын кезектеги саммитин Кыргызстан өткөрөт. Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, ал 13-14-июнь күндөрү Бишкекте болуп өтөт. ШКУнун саммити, ушул жылдын маанилүү иш-чараларынын бири болору анык. Аны утурлай эле Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын, тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин, коргоо министрлеринин Кеңешинин отуруму, медиафоруму болуп өттү. Андан тышкары, бир катар маданий-гуманитардык иш-чараларды, алардын ичинде уюмга арналган сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү планданган. Алдыдагы ири иш-чарага карата жыл сайын өтүүчү "Run the Silk Road" эл аралык марафону жана башка иш-чаралар өткөрүлдү. Жакында Бишкекте Бизнес форум болуп өтүп, анын алкагында наркы 2 млрд. доллардан ашык үч келишим, беш Меморандумга кол коюлду. Мунун баары Кыргызстан ШКУнун саммитин өткөрүүгө олуттуу маани берип жатканын көрсөтүп турат.

2019-жылдын январь айында Кыргызстандын президентине жасалган иштер боюнча жана ШКУнун саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилген. Саммитке болгон даярдык боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы, президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришкен.

Анда С. Жээнбеков "Биз, ШКУну өз ара ишеним мамилелерин түзүү жана кызматташууну арттыруу үчүн аянтча катары карайбыз" деген пикирин билдирген. Ал ШКУнун кадыр-баркы жыл санап өсүп жатканын айткан.

"Мүчө мамлекеттердин бир болушу, ишенимдүү өнөктөштүк жана өз ара сый мамиле уюмдун негизи болуп келет", - деген ал.

Андан кийин, 20-апрель күнү Пекинде ШКУнун катчылыгынын демилгеси менен ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл марафону тартууланган. Ысык-Көлдөгү май айында өткөн марафонго 27 өлкөдөн 3 миңден ашык киши катышкан. Марафондун байге фонду 2 млн. 790 миң сомду түзгөн.

Бишкектеги ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинин алдында Бишкекте негизги жолугушуунун алкагында алгачкы иш-чара өттү.

Ошентип, 15-май күнү Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин XVI Кеңешмеси өттү. Анын алкагында катышуучулар маданият тармагы боюнча талкуу жүргүзүшкөн. Андан тышкары, маданий мурас объекттерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү маселеси да каралган.

Бул иш-чарадан кийин ШКУ өлкөлөрүнүн аялдарынын Экинчи форуму болуп өттү. Ал Энелер күнүнүн алдында өткөнүн белгилей кетүү керек. Анда аялдардын экономикалык потенциалы, аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү маселелери талкууланган. ШКУнун өнүгүүсүнүн алкагында аялдар менен кыздардын абалын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жана аймактык чакырыктарга, туруктуу өнүгүү боюнча максаттарга жетүүгө көңүл бурулган.

Ошондой эле, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын отуруму өткөн. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин айтымында, талкуу ШКУнун аймагында коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоого катыштуу болгон. Отурумдун катышуучулары, терроризм, экстремизм жана баңги кылмышына, транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жана маалыматтык коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

Андан тышкары, жолугушууда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү, террордук, экстремисттик жана радикалдык топторду колдонуу болбой тургандыгы белгиленген.

Катышуучулар, ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүүдө 2019-2021-жылдарга карата кызматташуу программасын комплекстүү ишке ашыруу керектигин жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ШКУнун Конвенциясынын күчүнө кириши зарыл экенин айтышкан.

Май айында Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясындагы "ШКУ: Кызматташуу чектерин кеңейтүү" аталышындагы бизнес-форумда, Уюмдун алкагында соода-экономикалык алаканы бекемдөө, аны менен бирге бизнес байланыштарын, соода, экспортту илгерилетүү, инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сүйлөшүү жүргөн.

Саммиттин алдында ШКУнун Тышкы иштер министрлеринин отуруму болду. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, саммиттин жыйынтыгы менен ШКУнун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кол коюусу үчүн 35тен ашык документ даярдалып, бекитилген.

Алардын негизгилеринин бири ШКУнун өнүгүү перспектикалары жөнүндө Бишкек декларациясы. Ошондой эле, Афганистандын конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоо боюнча жол картасы кабыл алынган.

Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов, Кыргызстандын Уюмдагы төрагалыгы иштиктүү аракети жана аракеттеринин ырааттуулугу менен мүнөздөлөрүн белгиледи.

Июнь айындагы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити даярдалган меморандум менен келишимдер бекиткен ар тараптуу иш-чара болушу керек. Бишкектеги ШКУ саммити, тарыхта, Кыргызстан жогорку деңгээлде өткөргөн маанилүү эл аралык иш-чара болуп калары айтылууда.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы Шанхай шаарында түзүлүп, Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан анын негиздөөчүсү болгон. Жыл сайын ШКУдагы төрагалык алмашып турат. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кийинки саммити Уюмга төрагалык кылган мамлекетте өтөт. 2017-жылы Индия менен Пакистан Уюмдун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алынган. Мүчө мамлекеттерден тышкары, ШКУнун байкоочу өлкөлөрү бар. Алар – Монголия, Иран, Афганистан жана Беларусь. Бул өлкөлөр да Уюмга мүчө болууну көздөп келишет.

ШКУда Катчылык аткаруучу орган болуп келет. Ал ШКУнун туруктуу иштеген административдик органы. Ага ШКУнун алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды уюштуруучулук-техникалык камсыздоо, Уюмдун алкагында баардык органдардын документтерин иштеп чыгуу жана ишке ашырууда катышуу, жылдык бюджет боюнча сунуштарды даярдоо милдеттери жүктөлгөн. Катчылыкты Башкы катчы жетектейт. Аны мамлекет башчылардын Кеңеши бекитет. Башкы катчы, уюмга мүчө мамлекеттердин жарандарынын ичинен ротациянын негизинде, мүчө мамлекеттердин аталыштарынын орус алфавитинин тартиби боюнча үч жыл мөөнөткө дайындалып, мөөнөтүн узартууга укугу болбойт.

2019-жылы Катчылыкты Өзбекстандын өкүлү Владимир Норов жетектөөдө. Ал эми анын орун басарлыгына Кыргызстандын атынан Айзада Субакожоева дайындалган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий