• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ШКУ саммитине байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат - тизмеси

Коом 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин өтүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир катар көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

12нен 14-июнга чейин ШКУ саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда делегациялар өтүүчү жолдордо транспорттордун жүрүшү чектөөгө алынып турат:

- “Манас” аэропортунан Жибек-Жолу проспектисине чейин Фучик көчөсү,
- Жибек-Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварына чейин,
- Жаш Гвардия бульвары Чүй проспектисине чейин,
- Чүй проспектиси Манас проспектисине чейин,
- Манас жана Ч. Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденцияга чейин жабылат.

“Эл аралык иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алуу менен баардык шаар тургундарын бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз. Жолдо тыгындардын алдын алуу максатында жол эрежелерин жана айдоочулук маданиятты сактоону суранабыз. Унааларды аталган көчөлөрдүн боюнда калтырбоону суранабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий