• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ШКУ төрагалыгы Кытайга өткөрүп берилди

Саясат 0

Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалык Казакстандан Кытайга өткөрүп берилди. Бул тууралуу бүгүн Астанадагы ШКУ 17-саммитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.

Казакстандын башчысы эстафетаны Кытайга өткөрүп берерин жана кытай элине Уюмга төрагалык кылуу мезгилинде колдоо көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге төрагалык маалындагы ийгиликтүү ишине ыраазычылык билдирип, КЭР төрагасын ШКУ төрагалыгын кабыл алышы менен куттуктады.

ШКУнун кийинки жыйыны 2018-жылы июнда Кытайда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий