• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ШКУ жалпы коопсуздукту сактоонун үлгүсү болууга багыт алган – Си Цзиньпин

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. ШКУ жалпы коопсуздукту сактоонун үлгүсү болууга багыт алган. Бул тууралуу Бишкектеги ШКуУсаммитинин отурумунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.

"ШКУ тилектештик жана өз ара ишенимдин үлгүсү болууга багыт алган. Саясий ишенимди бекемдөө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, келишимде айтылган ШКУнун принциптери жана Шанхай деми менен кетүү маанилүү", - деди ал.

Кытай лидери Кыргызстанды ШКУ саммитин ийгиликтүү өткөрүшү жана уюмдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Аны менен бирге Си Цзиньпин уюмдагы төрагалыкты алган Россиянын президенти Владимир Путинди да куттуктап өттү.

Ал сөзүнүн аягын "Ырыс алды – ынтымак" деген кыргыз макалы менен жыйынтыктады.

"Ырыс алды – ынтымак". Ынтымакта ШКУнун жаркын келечегин ача берели", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий