• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ШКУга даярдык: Милиция кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өтүштү

Коом 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. ШКУ мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүнү даярдоонун алкагында 8-июнь күнү Бишкектин эски аянтында милиция кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Аталган иш-чара эл аралык мүнөздөгү (ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммити) иш-чараны өткөрүүгө арналды. Ага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин түзүмдүк башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары катышты. Масштабдык иш-чарада гарнизондук саптык кароодон КРнын Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, кайгуул-күзөт кызматынын, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Ички аскерлеринин кызматкерлери, ИИМдин академиясынын курсанттары, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери өтүштү", - деп билдиришти министрликтен.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев, ички иштер органдарынын алдында өлкөдөгү укуктук тартипти сактоодо башкы жоопкерчилик турарын белгилеген.

Аны менен бирге ал, милиция кызматкерлери жарандардын укугун сактап, мыйзамга ылайык аракеттерди көрүү керектигин дагы бир жолу айтып өткөн.

"Ар бир кызматкер жарандар менен баарлашууда сылык болуп, алардын арыздары менен кайрылууларына калыс мамиле кылып, балдарга, аялдарга жана кары адамдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андан сырткары, бизге Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн" - деген министр.

Ошондой эле, өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматтык күбөлүктөрү, жетондордун бардыгы, кызматтык автоунаалары текшерилген.

Гарнизондук саптык кароонун аягында милиция кызматкерлери аянтта салтанаттуу марш менен басышып, андан соң коомдук тартипти камсыздоого өткөн.

Пикир

Оставить комментарий