• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ӨБКнин отуруму аяктады. Бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Душанбе, 12.10.18. /Кабар/. Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюлду.

Аларга ШКУнун 2019-жылга бюджети, ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгынын программасынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу, ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактар аралык кызматташтыгынын өнүктүрүү программасын даярдоо тууралуу документтер кирет.

Андан тышкары отурумдун жүрүшүндө ШКУнун азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташтык программасы жактырылып, ШКУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу ведомстволорунун ортосунда чек арадан тышкары эпизоотикалык оорулардын биргеликте алдын алуу жана көзөмөлдөө тармагындагы техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Андан сырткары отурумдун катышуучулары ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 17-отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий