• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйыны болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда башкы прокурордун биринчи орун басары А.Молдокматов жетектеген КР Башкы прокуратурасынын делегациясы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун видеоконференция режиминде өткөн 19-жыйынына катышты.

Иш-чарада Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын Башкы прокуратураларынын делегациялары, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын жана аймактык антитеррордук түзүмүнүн өкүлдөрү да болушту.

Күн тартибине ылайык, дүйнөдө трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун өсүшү, ошондой эле адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды сатуу сыяктуу анын эң коркунучтуу көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү тажрыйбасы боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар протоколго кол коюшту, ага ылайык адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, ушул категориядагы кылмыштардын алдын алуу, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана юридикалык жардам көрсөтүү жаатында маалымат жана тажрыйба алмашууну улантуу, ошондой эле компетенциясына адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери кирген прокурорлорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө чечими кабыл алынды.

Кийинки 20-жыйын 2022-жылы Казакстанда өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу башкы прокурорлордун кезектеги жыйыны Индиянын Башкы прокуратурасынын төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде өттү.

Пикир

Оставить комментарий