• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын 16-отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Кечээ, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын 16-отурумунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.

Алар:

-ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча ШКУ Катчылыгынын Отчету жөнүндө;

-2016-жылга карата ШКУ бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУнун каржы эсептөөлөрү жөнүндө;

- ШКУга мүчө мамлекеттеринин ШКУнун каражаттарын жүгүртүү Фондусуна алдын ала төлөмдөрү жөнүндө;

-ШКУнун 2018-жылга карата бюджети жөнүндө;

-ШКУ Катчылыгынын штаттык иштөө тартиби жөнүндө;

-ШКУнун терроризмге каршы Регионалдык аткаруучу комитетинин структурасынын иштөө тартиби жөнүндө;

- ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлер) отурумдарынан жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеси жөнүндө документтер.

Пикир

Оставить комментарий