• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары Афганстандагы жагдайды талкуулады

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Афганстандагы абалдын тезирээк жөнгө салынышы ШКУ аймагындагы коопсузду жана туруктуулукту сактоо жана бекемдөөнүн негизги факторлорунун бири. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда айтылды.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин айтымында, талкууда отурумдун катышуучулары, коопсуздук жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого, терроризм, экстремизм жана баңги кылмышына каршы турууга багытталган Афганстандын өкмөтүнүн жана элинин аракетин колдоо маанилүү деген пикирге келишкен.

Ошондой эле Коопсуздук кеңештеринин катчылары "ШКУ Афганистан" тобунун ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, анын 2019-жылдын 19-апрелдеги кезектеги отурумунун жыйынтыктары колдоого алынган.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын XIV жолугушуусу 14-15-май күндөрү Бишкекте болуп өттү. Коопсуздук кеңешинин катчыларын президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алган.

Отурумдун жыйынтыгы менен жолугушуунун протоколуна кол коюлган.

Белгилей кетсек, бул жылы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылууда. Уюмга мүчө мамлекеттердин кеңешинин катчыларынын кийинки жолугушуусу 2020-жылы Россияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий