• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа форуму дүйнөгө шанхай рухунун идеясын жеткирүүгө жардам берет – Таабалдиев

Коом 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум өтүүдө. Ага ММК өкүлдөрү, диалог боюнча өнөктөштөр жана байкоочу өлкөлөр катышууда.

Медиа чөйрөдөгү адистердин жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө, иш-чаранын расмий ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Эксперттердин айтуусунда, аталган иш-чара уюмдун ишмердүүлүгүндө маанилүү ролду ойнойт.

"Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин медиа форуму – башка өлкөлөр үчүн уюмдун максаттары жана бүгүнкү күндөгү чакырыктарга анын реакциясы тууралуу билдире турган иш-чара. Азыркы учурда экономикалык жана саясий көз караш менен алганда ылдамдай баштаган ШКУ өлкөлөрүнүн калкы үчүн маанилүү. Массалык маалымат каражаттары дүйнө жүзү боюнча бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүүдө абдан маанилүү ролду ойнойт", - деп билдирди Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев.

Ал билдиргендей, бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү тигил же бул маалыматты таратууда кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө же бир борборго бай ийүү дегенди түшүндүрбөйт.

"Элдер ал өлкөлөрдө эмне болуп жатканын билип, шанхай рухунун маанисин түшүнүүсү үчүн биз өз маалыматыбызды таратабыз дегенди түшүндүрөт. Шанхай руху өз ара ишеним, кызматташуу жана бирдей мамиле дегенди туюндурат. Бул башка мамлекеттер үчүн үлгү болушу керек", - деп билдирди медиа эксперт.

Пикир

Оставить комментарий