• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү Айтматовдун үй-музейине барышты

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейге барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө коноктор музейди кыдырышып, жазуучунун кол жазмасы жана жумуш бөлмөсүн көрүштү. Алар Айтматовдун турмушун жана чыгармачылыгын талкуулашып, жазуучунун чыгармалары менен кантип биринчи жолу таанышкандары тууралуу айтып беришти. Келген конокторду үй-музей менен жазуучунун уулу Элдар Айтматов тааныштырып чыкты.

Жыйынтыгында коноктор жазуучунун үй-музейиндеги эскерүү китебине жазуу калтырышты.

ШКУга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Россия, Индия жана Пакистан.

Пикир

Оставить комментарий