• 84.45
  • 89.13
  • 1.36

ШКУнун башкы катчысы СOVID-19дун курмандыктарына арналган аза күтүү күнүнө байланыштуу Жээнбековго жана кыргыз элине көңүл айтты

864 кароо Президент 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Владимир Норов коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Боордош Кыргызстан элинин орду толгус жоготуусунун азасын тең бөлүшүү менен, бул илдет менен күрөшүп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин берилгендик менен аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктары менен, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп кетким келет», — деп айтылат ШКУнун Башкы катчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Владимир Норов Кыргызстандын аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын уюшкан аракеттери, ошондой эле жарандык коомдун, ыктыярчылар кыймылынын активдүү ишмердүүлүгү, эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ШКУга катышуучу өлкөлөрдүн дагы колдоосу өлкөдө эпидемиянын жайылышын токтотууга мүмкүндүк берерине ишеним арта тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий