• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовдун ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун катышуучуларына кайрылуусу

Коом 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Бүгүн, 24-майда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн Медиафоруму өтүп жатат.

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовдун Медиафорумдун катышуучуларына кайрылуусун ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева окуду.

Владимир Норов кайрылуусунда бүгүнкү Медифорум алдыңкы катардагы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жана ШКУга мүчө мамлекеттердин профилдик министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилерин чогултканын белгилеп, Кыргызстанга ШКУга төрагалыгынын алкагында Медиафорумду өткөрүү демилгесине ыраазычылыгын билдирди.

Ал дал ушундай форматтагы диалогдун максатка ылайыктуу экендиги көптөгөн факторлор менен аныкталарын белгиледи. Форум журналисттердин түздөн-түз байланыш түзүп, профессионалдык тажрыйба алмашууга жана ШКУ алкагында ЖМК тармагында иш жүзүндө кызматташуу боюнча бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү жана ШКУ мейкиндигинде учурдагы жана пайда болуп келе жаткан процесстерди талдоо үчүн зарыл экенин белгиледи.

«ШКУ Катчылыгынын талдоосу жана анализи көрсөткөндөй, жылдан жылга Уюмдун дүйнөлүк маалыматтык мейкиндиктеги эл аралык позициясы бекемделгени байкалууда. ШКУга болгон кызыгуу күчөп, мүчө мамлекеттердин сиздер тааныштырып жаткан алдыңкы массалык маалымат каражаттары тарабынан, өз убагында, калыс чагылдырылууда. ШКУ түзүлгөн учурдан бери 18 жыл аралыгында Уюмдун образын адекваттуу түзүүдөгү ЖМКнын ролун баалуу», — деп белгиленет кайрылууда.

ШКУнун Башкатчысы баса белгилегендей, Уюмдун катчылыгы ШКУнун ишмердүүлүгүн сапаттуу маалыматтык коштоо боюнча тийиштүү иштерди системалуу негизде жүргүзүүдө. ШКУнун Катчылыгына караштуу Пресс-клуб ШКУга мүчө мамлекеттердин, диалог боюнча байкоочу жана өнөктөш өлкөлөрдүн, ири маалымат агенттиктери менен ырааттуу байланыштарын колдоого алат.

ШКУнун Катчылыгы менен Синьхуа, ТАСС, Казинформ маалымат агенттиктери ортосунда кызматташуу боюнча контракт түзүлдү. Ал ШКУнун алкагында кеңири чагылдыруу максатында активдүү маалыматтык иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Аны менен бирге ШКУнун Катчылыгы «ШКУнун үнү», Уюмдун маанилүү максаттары, милдеттери жана принциптери угулуп, туура кабыл алынуусу үчүн бардык кызыккан ЖМК менен иштөөгө даяр экенин баса белгиледи.

«Кыргызстан негиздөөчү мамлекет катары ШКУнун өнүгүшүнө бараандуу салым кошууда. Кыргызстандын Уюмдагы төрагалык кылуусу ийгиликтүү өтүп, көп сандаган маанилүү расмий иш-чаралар жана ири окуялар менен коштолууда — Ысык-Көл Марафону, Аялдар Форуму, Бизнес-форум, бүгүнкү Медиафорум», — деп айтылат кайрылууда.

Владимир Норов бул сыяктуу Форумдарды өткөрүү демилгеси Кыргызстандын ШКУнун алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын издөөгө жана Уюмдун ишмердигине кошумча дем берүүгө умтулуусун айгинелеп турганын баса белгиледи.

«ШКУ Саммити өтө турчу Бишкек шаарына бүт дүйнөнүн көңүлү бурулат. Саммиттин маанилүү жыйынтыктоочу документи ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бардык актуалдуу эл аралык жана аймактык көйгөйлөр, анын ичинде маалыматтык коопсуздук боюнча дагы жалпы көз карашы чагылдырылган Бишкек декларациясы болот», — деп кошумчалады ал.

Владимир Норов Саммиттин жыйынтыгы боюнча ШКУнун ишмердигинин бардык тармактарына тиешелүү бир топ документтердин пакети кабыл алынаарын белгиледи.

«Бишкектеги Саммитти үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымындагы башкы эл аралык окуяларга ишенимдүү кошсок болот. Кыргыз тарап менен биргеликте биз анын ишинин ыкчам жана толук маалыматтык коштоосун камсыздоого умтулабыз. Бул иште биз сиздерге дагы таянабыз», — деп жыйынтыктады Владимир Норов жана бүгүнкү Медиафорумдун натыйжалары ШКУнун маалыматтык ченемин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий