• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ШКУнун бизнес-форумунун алкагында 2 млрд долларлык макулдашууларга кол коюлат – премьер-министр

Экономика 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. "ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү" бизнес-форумунун алкагында 2 млрд. доллардан ашык суммадагы макулдашууларга кол коюлат. Бул тууралуу форумда сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, форумда ШКУга мүчө мамлекеттердин ири ишкер чөйрөсүнүн жана дүйнөлүк компаниялардын өкүлдөрү болгонун эске алганда ал өтө көп эмес.

"Бүгүнкү жолугушуу – биргелешкен чоң жумуштун башаты. Алдыда көп жумуш бар. Биздин россиялык жана кытайлык инвесторлордун ШКУ алкагында кызматташууну жакшыртуу боюнча конструктивдүү өз ара иш-аракети бар",- деди ал.

Абылгазиев белгилегендей, каржылык механизмдерди жакшыртуу, аны менен катары өнүктүрүү банкын түзүү керек.

"Көптөгөн өнөктөш уюмдарда бирдиктүү банк системасы бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий