• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ШКУнун өкүлдөрү «Ата-Бейитке» барып, репрессия курмандыктарынын жаркын элесине таазим этишти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн делегациялары бүгүн, 14-декабрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 1937-1938-жылдары саясий репрессияга кабылган кыргыз атуулдарыбыздын жаркын элесине таазим этишип, аларды гүл коюп эскеришти. Андан кийин залкар жазуучу Чынгыз Айтматовтун бейитине да таазим кылышып, жазуучуну эскеришти. Делегация мүчөлөрүн Жогорку Кеӊештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко коштоп барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

ШКУ өкүлдөрүнө «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин тарых-таржымалы тааныштырылды. 1937-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп атылып кеткен 137 адамдын сөөгү 70 жылдан кийин казылып алынып, 1991-жылы кайра чоң салтанат менен ушул жерге көмүлгөнү, бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сындуу атуулдардын сөөктөрү жаткандыгы баяндалды. Репрессия курмандыктары түбөлүк жай алган жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен «Ата-Бейит» аталып калгандыгы тууралуу учкай маалымат берилди.

Андан сырткары, делегация мүчөлөрү Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде уланды. Аталган музейде кыргыз элинин көркөм өнөрү, каада-салты, үрп-адаты, руханий баалулуктары, жалпы тарыхы тааныштырылды.

Ал эми уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандын тарыхы бай жана кыргыз журту баалуу мурастарга ээ экенин, кыргыз элинин маданияты, көркөм өнөрү өзгөчө суктанууну жаратканын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий