• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафону жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Марафонго 20дан ашык өлкөдөн 3 миңдей адам катышты. Ошондой эле Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар жарышышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 42 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Шохрух Давлатов, Өзбекстан (02:17:39);
2-орун – Мунгбаяр Нарандулам, Монголия (02:21:57);
3-орун – Юндженг Хуан, Кытай, (02:23:17).

Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 42 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Евгения Профокиева, Украина (02:39:32);
2-орун – Кишисахан Галбадрах, Монголия (02:42:24);
3-орун – Гүлшаной Сатарова, Кыргызстан (02:43:33).

Абсолюттук категорияда аялдар арасында 21 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Мария Коробицкая, Кыргызстан (1:18:4);
2-орун – Айнуска Калил кызы, Кыргызстан (1:19:1);
3-орун – Екатерина Тунгускова, Өзбекстан (1:19:17).

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 21 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Нурсултан Кеңешбеков, Кыргызстан, (01:9:37);
2-орун – Петер Маллой, Улуу Британия, (01:9:54);
3-орун – Сергей Платонов, Беларусь, (01: 9: 58).

Абсолюттук категорияда аялдар арасында 10 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Екатерена Алексеева (44:14);
2-орун – Жанат Нурбекова (45:22);
3-орун – Рамина Абдыходжаева (46:15).

Абсолюттук категорияда аэркектер арасында 10 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Сергей Краучения (32:03);
2-орун – Мусулман Джоломанов (32:29);
3-орун – Самат Казакбаев (32:47).

Мындан тышкары, марафондун алкагында 42 км, 21 км, 10 км аралыктарда эркектер жана аялдардын арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана майыптыгы бар адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий