• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шокер менен коркуткан: Бишкекте каракчылыкка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Бишкекте каракчылыкка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 28-сентябрда болжол менен саат 14:50дө Бишкек шаардык милициянын "102" кызматына шаар тургунунан Матрасов көчөсүнөн мас абалындагы адам тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаган.

Милицияга 26 жаштагы Т.К. аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Арыз ээси 28-сентябрда болжол менен саат 14:40та Матрасов көчөсүндө жайгашкан "Ак-Жол" дүкөнүнө белгисиз жаран мас абалында кирип, шокер менен коркуткандыгын билдирген. Ошондой эле дүкөндөгү буюмдарды алганга аракет кылып, аял кишинин денесине залал келтирген.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кылмышка шектүү катары 38 жаштагы А.Д. аттуу жаранды кармаган.

Шектүү жаран Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202- беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий