• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шопоковдун элесине арналган бокс мелдешине 7 өлкөдөн спортчулар келди

Спорт 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдешке катышуу үчүн Кыргызстанга жети өлкөдөн спортчулар келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеште Россия, Беларусь, Таиланд, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары күч сынашат. Турнир Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтүүдө.

Ачылыш аземинде Мамлекеттик агенттиктин өкүлү Марат Аскарбеков сөз сүйлөп, жарышка күчтүү спортчулар келгенин айтты.

"Спортчулардын арасында Олимпиаданын байге ээлери, Азия жана дүйнө чемпиондору бар экен. Алар менен беттешип биздин балдар келечекте дүйнөлүк биринчиликтерде, 2020-жылдагы Токиодогу Олимпиада оюндарында жакшы жыйынтык көрсөтүшөт", - деди ал.

Кыргызстандын Бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, мелдештин жыйынтыгы менен мыктылар тандалып, алар дүйнөлүк биринчиликтерде өлкөнүн атынан чыгышарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий