• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шри-Ланкада дагы бир жардыруу болду

Дүйнө 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Шри-Ланка мамлекетинде бүгүн дагы бир жардыруу болду. Бул тууралуу Рейтер маалымат булагы күбөлөргө шилтеме берип жазган.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жарылуу Коломбодо катталды. Кечээ күнү жардыруу болгон чиркөөнүн жанында жүк ташуучу унаа жарылган. Саперлор табылган бомбаны жок кылууга аракет жасашкан, бирок жыйынтыгы ийгиликтүү бүткөн эмес.

Эске сала кетсек, ММКнын маалыматы боюнча Пасха майрамын өткөрүү маалында 3 чиркөө, 3 мейманканада алты жардыруу болгон. Андан кийин аралдын батыш жагында жана Коломбо шаар чекесиндеги турак жай комплексинде дагы эки жардыруу болгон. Жыйынтыгында 290 адам көз жумуп, 500дөн ашуун адам жаракат алган.

Полиция жардырууларга шектүү деп 24 адамды кармаган.

Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисена тергөө жүргүзө турган атайын комитет түзүүнү тапшырган.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий