• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Шри-Ланкадагы жардыруудан 300дөй адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Шри-Ланкада катар-катары менен сегиз жардыруу болуп, 290го жакын адам көз жумду, жабыркагандардын саны 500гө жетти. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү News 1st телеканалына шилтеме берип жазды.

Буга чейин көз жумгандардын саны 262ге, ал эми жабыркагандардын саны 452ге жеткендиги тууралуу айтылган.

Полициянын маалыматына ылайык, Пасха майрамын өткөрүү маалында 3 чиркөө, 3 мейманканада алты жардыруу болгон. Андан кийин аралдын батыш жагында жана Коломбо шаар чекесиндеги турак жай комплексинде дагы эки жардыруу катталган. Жыйынтыгында 290 адам көз жумуп, 500дөн ашуун адам жаракат алган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, мерт кеткендердин арасында Дания, Япония, Пакистан, Марокко, Индия, Бангладеш, КЭР, Нидерланддар, АКШ, Түркия жана Улуу Британия мамлекеттеринин жарандары да бар.

Пикир

Оставить комментарий