• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шри-Ланканын президенти терактка байланыштуу атайын кызматтардын башчыларын кызматынан бошотот

Дүйнө 0

Бишкек, 24.04.19. Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисена өлкөнүн коопсуздугу үчүн жооп берген атайын кызматтарынын баардык жетекчилерин теракт үчүн кызматынан бошотот. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Сирисена атайын кызматтардын жетекчилерин ушул сутканын ичинде алмаштыраарын билдирген. Ошондой эле өлкө башчысы полиция, коопсуздук кызматтарында жана башка күч курамдарында жакын арада реорганизация жүрөөрүн билдирген.

Шри-Ланканын президенти билдиргендей, атайын кызматтар камдалып жаткан теракт тууралуу маалымат алып туруп, бирок өлкө башчысына билдиришкен эмес. “Коопсуздук кызматтары чет элдик атайын кызматтардан теракт тууралуу маалыматтарды алып, бирок мени менен бөлүшүшкөн эмес. Эртерээк билдиргенде, биз убагында тиешелүү чараларды колдонот элек. Ошол себептен мен бир катар жетекчилерге карата катуу чараларды көрүү чечимин кабыл алдым”, - дейт Сирисена.

Эске сала кетсек, ММКнын маалыматы боюнча Пасха майрамын өткөрүү маалында 3 чиркөө, 3 мейманканада алты жардыруу болгон. Андан кийин аралдын батыш жагында жана Коломбо шаар чекесиндеги турак жай комплексинде дагы эки жардыруу болгон. Жыйынтыгында 300гө адам көз жумуп, 500дөн ашуун адам жаракат алган.

Полиция жардырууларга шектүү деп 24 адамды кармаган.

Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисена тергөө жүргүзө турган атайын комитет түзүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий