• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: 14 саламаттык сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Учурда өлкөдө 14 саламаттык сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпысынан 5 саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат.

Алардын ичинен 3 объекти тез курулуучу конструкциялардан эксперименталдык болуп саналат. Алардын курулушу "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун эсебинен каржыланууда.

Мындан тышкары, "Бирдиктүү заказчик" линиясы боюнча Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайчи айылында эки оорукананын курулушу жүргүзүлүүдө. Алар "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланат.

Ошондой эле 9 саламаттык сактоо объекттеринде кайрадан профилдөө үчүн оңдоо-курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий