• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: 17-апрелде Стамбулдан учуп келген бир жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. 17-апрелде Стамбулдан учуп келген бир жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу коронавирка каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Түркиядан учуп келген жүргүнчүлөрдүн арасынан биринин ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон жаран медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынды. Калган жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилген.

Белгилеп кетсек, учуп келген учурда бардыгы үй карантиндин шарттары бар-жогун аныктай турган сурамжылоого катышат. Эгер шарт жок болсо, жарандар 14 күнгө обсервацияга жиберилет.

Белгилей кетсек, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетти. Алардын ичинен 162си медицина кызматкери. Илдеттен 302 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий