• 82
  • 84.48
  • 1.35

Штаб: 2021-жылы эмдөөдөн өткөндөр үчүн вакцинанын үчүнчү дозасын алуу убактысы келди

6273 кароо COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын аягында алгандар үчүн бустердик дозаны алууга убакыт келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ооруканага жаткыруудан жана өлүмдөн коргоо биринчи кезектеги эмдөө курсу аркылуу 6 ай бою көпчүлүк адамдар үчүн жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталат.

Бирок, коргоо даражасы вакцинанын түрүнө, жаш курагына жана жергиликтүү кырдаалга, анын ичинде вирустун варианттарына жараша өзгөрөрүн билүү зарыл.

Ошондуктан иммунолог жана эпидемиолог дарыгерлер 2-дозаны алгандан кийин 4-6 ай өткөн соң бустердик дозаны алууну сунушташат.

Ревакцинация сыяктуу эле бустерди учурда бар ар кандай вакцина менен жасоого болот. Чет өлкөгө чыккандар үчүн кирген өлкөнүн талаптары менен таанышуу зарыл.

Бүгүнкү күндө КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө үчүн: Pfizer (АКШ) жана Sinopharm (Кытай) компанияларынын вакциналары бар.

Эмдөөнүн баштапкы курсун, ошондой эле бустердик дозаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана убактылуу эмдөө пункттарынан жасатууга болот.

Пикир

Оставить комментарий