• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: 7 тез жардам унаасы, 5 жасалма дем алдыруу аппараты - коронавирус шартында көрсөтүлгөн гумжардамдар

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясынын шарттарында ар кандай фонддордон, юридикалык жана жеке жактардан саламаттык сактоо уюмдарына гуманитардык жардам келип түшкөн. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 23-апрелине карата саламаттык сактоо уюмдары гуманитардык жардам катары төмөнкүлөрдү алышты:

6300 коргоочу костюм, 113 933 бир жолу колдонулуучу беткап, 4030 респиратор, 17 тез жардам унаасы, 34 кычкылтек концентратору, 1172 жуп коргоочу көз айнек, 7 керебетке бекитилүүчү монитор, 5 жасалма дем алдыруу аппараты.

Пикир

Оставить комментарий