• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Штаб: Айрым өлкөлөр менен аба каттамдарын жандандыруунун убактылуу графиги иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. КР Транспорт жана жолдор министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Россия, Түркия, Казакстан, БАЭ жана башка мамлекеттер менен туруктуу каттамдарды этап-этабы менен кайра жандандыруу маселеси боюнча өз ара аракеттенүү принциптерин иштеп чыгышты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жолдор министрлиги алдындагы Жарандык авиация бир мезгилде келген жүргүнчүлөрдүн көп агымында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин жүгүн эске алуу менен Россия, Түркия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары менен эл аралык каттамдарды жандандыруунун убактылуу графигин иштеп чыкты.

Бүгүнкү күндө биринчи этапта жумасына туруктуу 2 жолу уча турган каттамдарды ачууга макул болгон Түркия авиация бийликтеринен оң жооп алынды. Калган мамлекеттер менен чартердик каттамдарды 2020-жылдын август айынын аягына чейин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Учурдагы аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси тийиштүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте авиация департаменттеринин деңгээлинде иштелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий