• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Акыркы суткада 5 медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада 5 медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында үч, Ош облусунда бир жана Баткен облусунда бир медицина кызматкеринен илдет жаңы табылган.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 239 учур катталды, алардын ичинен 2 951 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 161 жаңы учур катталып, жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны 46 миң 251 адамга жетти. Алардын ичинен 42 миң 453 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий