• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: Бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритми так аткарылууга тийиш

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Билим берүү министрлигинин көңүлүн иштей элек бала бакчалардын ишин кайра улантуу жана санитардык нормаларды сактоо боюнча иштелип чыккан колдонмону республика боюнча баардык мекетепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткирүүгө бурду.

«Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу. Жергиликтүү бийлик органдары мектепке чейин билим берүү жайлары талаптарды сактоо менен иштешине шарт түзүү үчүн бала бакчалардын жетекчилерине жардам берүүсү керек», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын жыйынында медициналык багыттагы объекттердин курулушу жана багыты өзгөртүлүп саламаттык сактоо мекемсине ыңгайлаштыруу иштери жүрүп жаткан имараттарды оңдоп-түздөөнүн жүрүшү талкууланып, Алмазбек Баатырбеков ооруканалар мөөнөтүнөн кечикпей ишке берлиши боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактардын эпидемилогиялык абалы талкууланды. Анткени кээ бир райондордо ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурларынын саны төмөндөбөй жатат.

Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын сакталышын көзөмөлгө алууну жана үймө-үй кыдырып, ооруп жаткандарды аныктоо иш-чараларын күчөтүү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий