• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Бир медиктен коронавирус аныкталса, 16 ак халатчан илдетти жеңип чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада Баткен облусунда бир медик коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 миң 167 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 13-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 53 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 881ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 922 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий