• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Штаб: Бишкекте карантиндик режимди сактоону көзөмөлдөө күчөтүлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоонун көзөмөлдөө күчөтүлөт. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун белгилегендей, айрым соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жатат.

Ошондой эле, анын айтымында, такси кызматынын айдоочуларынын бет кап кийбеген жана тиешелүү сунуштарды сактабаган учурлары катталууда. Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тартип сакчыларына карата сын айтты. Ал учурда айрым шаарлар менен бир райондо өзгөчө абал режими күчүндө экенин, ошондой эле транспорттун жана элдин кыймылына чектөө киргизилгенин баса белгиледи.

«Экономикалык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрүнүн ишин жандандыруу үчүн айрым жеңилдиктер берилди, бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду жана бардыгы негиздүү себепсиз шаарга чыга берсе болот дегенди билдирбейт. Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоого катуу көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда айтылган маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Кубатбек Боронов ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалымкатты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт. Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат.

Мындан тышкары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына инфекцияны жуктуруунун алдын алуу максатында коронавирус менен күрөшүүгө тартылган кызматкерлердин саламаттык коопсуздугун камсыздоо, негизги санитардык талаптарды аткарууларын көзөмөлдөө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий