• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Штаб: Бишкектеги саламаттык сактоо уюмдардын биринде убактылуу стационар уюштуруу маселеси каралууда

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги саламаттык сактоо уюмдардын биринде убактылуу стационар уюштуруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар курч пневмониясы, өнөкөт өпкө оорулары бар бейтаптарды убагында диагноздоо жана дарылоо максатында кабыл алынды. Соӊку чечим санитардык-эпидемиологиялык иштердин жыйынтыгы менен чыгарылат.

"Алдын ала бир нече вариант каралууда, тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин кошумча маалымат берилет", - деп айтылат штаб тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий