• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: COVID-19 менен ооруп, бирок белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот

COVID - 19 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. COVID-19 менен ооруп, бирок белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун түшүндүрмөсү боюнча, саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине тиешелүү өзгөртүүлөр иштелип чыкты.

Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын оорусунун белгилери байкалбаса, үйүндө обочолонууга тийиш. Ал эми клиникалык белгилери байкалса, дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор башкалардын жугушуна жол бербөө үчүн үйдө обочолонгон бейтаптын жашоо шартына изилдөө жүргүзөт.

Мындай чаралар ооруканалардын, өзгөчө медицина кызматкерлеринин жүгүн жеңилдетет.

Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев саламаттык сактоо тутумуна жаңы алгоритмдерди киргизүү керектигин белгиледи.

«Жарандар COVID-19ду коомдук транспорттон, базарлардан жана соода түйүндөрүнөн жуктуруп алууда. Акыркы эки күндө илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Коомдук жайларды көзөмөлдөө жана текшерүүгө багытталган тийиштүү чараларды көрүүгө болот, бирок жарандар өздөрү санитардык нормаларды сактоо жана беткап тагынуу боюнча түшүнүктү карманбаса, кырдаал анчалык деле өзгөрбөйт. Ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жооптуу. Илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө жана белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек», - деди Алмаз Кененбаев.

Штабдын отурумунда Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко контроллерлорду киргизүү боюнча сунуштары талкууланды. Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, 1 айга жабылат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге обсервациялык жайларды, медициналык мекемелерди жана лабораторияларды даярдоо менен туристтик сезонго камдануу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Республикалык штаб мекендештерди COVID-19 пандемиясынын шартында негизги санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий