• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: COVID-19 жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. COVID-19 жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатат. Республикалык ыкчам штаб борбор калаадагы, Чүй жана Нарын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгиленгендей, борбор калаада коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болгондугу аныкталбаган жактардын инфекцияны жуктургандыгы катталууда. Алардын жуктуруу себеби аныкталып жатат, ар бир учур боюнча эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүүдө.

«Жарандар коронавирус менен ооругандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, вирустун белгилери бар болгондуктан медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Шалаакылык үчүн ар ким жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоо керек, инфекцияны жуктуруунун күтүүсүз күчөшүнө жол бербөө зарыл. Коомдук жайларда, коомдук унааларда, адамдар көп топтолгон жерлерде жарандар жеке коопсуздугу үчүн беткап тагынууга тийиш», - деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ал Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана тигил же бул аймактагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алдыдагы туристтик сезондун бардык маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине эмгек акы жана компенсацияларды төлөө өз убагында жана эч бир кечиктирүүсүз жүргүзүлүшү шарт.

Республикалык штаб жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды уюштурбоого жана барбоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий