• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Штаб: COVID-19дан каза тапкандардын 65% жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 миң 592 учуру катталган.

Коронавируска каршы Республикалык штабдын билдирүүсүнө караганда, 1 446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, б.а. белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган.

Жаш курагы боюнча

Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган.

Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган.

Жынысы боюнча

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган.

Аймактар боюнча

Адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон.

Себептери

- кеч кайрылуу;

- бардык катталган учурлардын 45% адамдар оору башталган соң 5 күндөн кийин кайрылышкан;

- өнөкөт оорулардын болушу;

- бейтаптын жаш курагы канчалык жогору болсо, өнөкөт оорулар ошончолук көп болот.

60 жаштан жогору адамдарда 4 жана андан ашык ар түрдүү өнөкөт оорулары болот. Мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары, шишиктер, эндокриндик системанын оорулары (кант диабети, семирүү), дем алуу жана тамак сиңирүү системаларынын оорулары, бул коронавирус инфекциясынын оор өтүшүнө жана ар кандай татаалдашууларга алып келет.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч өнөкөт оору:

- Жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%);
- Боор оорулары (20%);
- Кант диабети (15%).

Пикир

Оставить комментарий