• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: Дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткандарга сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Дары-дармектин баасын негизгиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компаниялар жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул багыттагы 27 иш каралып жатат. Мындай маалымат Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Кубатбек Боронов республикадагы бардык дарыкана пункттарындагы бааларды текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында рейд жүргүзө турган жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.

«Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат дары-дармектердин баасын жана жасалма түрдө алардын таңкыстгын түзүүгө байланыштуу фактылар боюнча бир топ текшерүү иштерин жүргүздү. Ага ылайык, айрым фармкомпаниялар менен дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан, дарыкана пункттары кассалык аппараттарды атайылап иштетпеген учурлар аныкталды. Ал тургай кампаларды тинтүүдө жарандардын өмүрүн сактап кала турган дары-дармектердин катылып турганы маалым болду. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Мындай фактылар өлкөдө, өзгөчө Бишкек шаарында медициналык каржаттарынын дефицитине алып келүүдө. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар бул багыттагы жумуштарды күчөткүлө», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн дарылоонун сапатын жакшыртуу боюнча иштерди дагы бир ирет карап чыгуу керек.

«COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын жана өпкөсү сезген жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн эксперттер жана жогорку квалификациялуу адистер менен консультативдик иштерди жүргүзүүнү күчөтүү шарт. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча дары-дармектер менен медициналык жабдууларды алып келүү иштерин уюштурууну күчөтүүгө тийиш», - деп Кубатбек Боронов кошумчалады.

Жыйындын соңунда премьер-министр илдеттин жугушун алдын алуунун бирден бир жолу – бул санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо экенин эскертип, жарандарды Республикалык штабдын сунуштарын так аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий