• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Штаб: Саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн 445 медик Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 445 медициналык кызматкерлер Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан инфекциянын очогунда иштеген, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштерин уюштуруу Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын базасында жүргүзүлүүдө.

23-июлдан баштап бүгүнкү күнгө чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 445 медициналык кызматкерлер жөнөтүлгөн. Реабилитациялоого республикадагы Улуттук борборлордун, жалпы практикалык дарыгерлер борборлорунун, биринчи даражадагы кызматкерлер (ҮМБ), коомдук саламаттык сактоо кызматынын медкызматкерлери жиберилди.

Медициналык кызматкерлердин тизмеси алар иштеген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий