• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Штаб: Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн бардык уруксат берүүчү документтер токтоосуз берилиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн бардык уруксат берүүчү документтер ыкчам түрдө, токтоосуз жана кошумча текшерүүсүз берилиши керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Өкмөттүн Нарын, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген карантин боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти.

Кубатбек Боронов белгилегендей, коомчулук тараптан экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилген уюмдарда иштеген жарандардын каттоо орду боюнча Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымдама кагазы боюнча көп суроолор берилүүдө.

«Бишкек, Ош шаарларына, Каныш-Кыя айыл аймагына жана Ат-Башы районуна карантинге алынып, белгилүү бир чектөө чаралары киргизилди. Ошол эле учурда экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу процесси жүрүүдө. Уюмдарга маалымдама кагазын даярдаш керек, ал райондук салык кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Бул документтер менен Салык кызматына уюмдун жетекчилиги же жооптуу кызматкерлери кайрылуусу керек. Салык органдарында экономиканын ар кыл тармактарында иш алып барган компаниялар боюнча маалымат базасы бар. Маалымдама кагазы кандайдыр бир карыздарга карабастан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Болгону карантин маалында иштөөгө уруксат берилген тизмеге ылайык келиши керек. Ал эми патенти барлар иштеген жеринен маалымдама кагазын алуунун, аны салык органдарынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок. Болгону алардын ишмердүүлүгү уруксат берилген тизмеге дал келиши керек», - деди Кубатбек Боронов.

Штаб жыйынында жакынкы күндөрү жарандардын кайрылуулары электрондук форматта каралары белгиленди.

Отурумдун жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аткарган иштер тууралуу маалымат берилди. Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар дагы берилди.

Пикир

Оставить комментарий