• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Штаб: Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан кайтыш болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан кайтыш болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2020-жылдын 24-майында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду.

Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

М.Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты.

Республикалык штаб анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.

Белгилей кетсек, 24-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403тү түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 15 адам (+ 1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий