• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Штаб: Кафе-ресторандар белгиленген тартипте иштөөгө тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө коомдук жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты ккамсыздоо бөлүмү биллдирет.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү жогорку уюшкандыкта жүргүзүүсү шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Отурумда өлкөнүн бир катар облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, жарандарга коронавирус инфекциясынын жугушун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Муну менен катар өпкөсү сезгенген өтө оор абалдагы бейтаптардын ден соолугун жакшыртуу маселеси талкууланды.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өтө оор абалдагы бейтаптар үчүн дарыгерлердин консилиумун уюштурууда.

Ошондой эле курулуш иштери жана багыты өзгөртүлүп, ооруканага ыңгайлаштырылып жасалып жаткан саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси дагы каралып, бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий