• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Коронавирус аныкталган бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктардын саны жетиштүү

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. COVID-19 вирусу бар бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктардын саны жетиштүү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Өлкө боюнча 1 миң 623 орундук даярдалган, кошумча 715 орундук резервде турат. Интенсивдүү терапия үчүн 215 орундук каралган жана 68 орундук резервдетурат ", - деп билдирет республикалык штаб.

Штабдан белгилешкендей, бардык саламаттык сактоо мекемелери атайын нускамалар жана бейтаптарды ооруканага жаткыруу алгоритми боюнча иштеп жатат. Анда ззгөчө, эпидемиологиялык абалы жагымсыз өлкөлөрдөн келген же COVID-19 оорулуулары менен байланышкан соматикалык илдеттери бар, боюнда барларды, жаӊы төрөгөн айымдарды жана ымыркайларды обсервациядан стационарларга кабыл алуу тартиби жазылган.

Пикир

Оставить комментарий