• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Штаб: Коронавирус менен ооруган кош бойлуу келин айыгып, үйүнө чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекция менен ооруган кош бойлуу келин айыгып, үйүнө чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавирус менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты. Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон.

Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша, коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмес.

Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий