• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Штаб: Коронавирустун "омикрон" штаммы январда ооруканага жаткан бейтаптар арасында аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Чүй облусунда коронавирустун омикрон-штаммы катталды, - деп билдирет Республикалык штаб.

Маалыматка ылайык, бүгүн бир сутка ичинде COVID-19дун жаңы 465 учуру аныкталган. Беш айдан бери мындай болгон эмес.

«Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча секвенирлөө жүргүзүштү. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынган жана эки бейтаптан омикрон-штаммы аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий