• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб-квартирасы Словениядагы жайгашкан Iskratel компаниясы кыргыз ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек. 09.06.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Словениялык Pomurski sejem компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Борбордук Европанын көргөзмө индустриясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болуп саналган тараптар менен жолугушуу онлайн форматта өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегине тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.


Pomurski sejem уюму Словениянын мамлекеттик органдары менен көп жылдык тажрыйбага ээ жана кеңири кардар жана өнөктөш базасына ээ. Бул аларга башка өлкөлөрдүн компанияларына Европа Бирлигинин рыногуна натыйжалуу кирүүгө жардам берет. Учурда алар жаңы өнөктөштөрдү жана аларды тышкы рынокторго тартуунун жолдорун издеп жатышат.

Мисалы, Iskratel компаниясы кыргыз бизнесмендери менен кызматташууга кызыкдар. Ал байланыш операторлору, транспорттук компаниялар, медицина, энергетика, мунай жана газ өнөр жайы үчүн комплекстүү телекоммуникациялык жана санариптик чечимдердин алдыңкы европалык камсыздоочусу болуп саналат. Алардын кеңселери дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө ачылган.

Ал эми «Riko» словениялык компаниясы курулуш, машина куруу, энергетика, логистикалык тутумдар, транспорттук инфраструктура, айлана-чөйрөнү коргоо жана маалыматтык технологиялар жаатында комплекстүү технологиялык чечимдерди сунуш кылат. Августта Словенияда ири эл аралык көргөзмө уюштурулуп, ага Кыргызстандын ишкерлери да катышууга чакырылган. Бул кыргызстандык компаниялар үчүн өз горизонтторун кеңейтүү жана маанилүү ишкердик байланыштарды түзүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Пикир

Оставить комментарий