• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Штаб: Кыргызстандыктар жаман вирус менен күрөшүү кыйын болгонун унутуп калышты

COVID - 19 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Коронавируска каршы Республикалык штаб өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда өткөн сутка ичинде каза болгондордун жаңы 5 учуру катталды. Жаңы катталгандардын саны 307 учурга жетти.

"Бул учурлар акыркы айда жана күндөрдө жаңы рекордко жеткирди. Бул сандар COVID-19 вирусунун жаңы толкунуна бара жатканыбызды билдирет. Эки-үч ай мурун коронавирус биздин туугандарыбыздын, жакындарыбыздын жана досторубуздун өмүрүн алып кетти. Калың эл кайгырып, ыйлап, Өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, чиновниктерге, айрым учурда медиктерге наалат айтып айтышты. Көп мекендештерибизде илдет оор формада өттү, көбү азыркы тапка чейин коронавирустун кесепети менен күрөшүп жатышат: пневмония, жогорку кан басым, бөйрөк оорусу, гормоналдык фондун бузулушу жана башкалар", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Штабдан кошумчалашкандай, тилекке каршы, санитардык эрежелерди сактоо керек деген чакырыктарды адамдар көз жаздымда калтырып жатышат. Балким, көбү жакындарды жоготуу, медиктерге бул жаман вирус менен күрөшүү кыйын болгонун унутушту.

Республикалык штаб, саламаттык сактоо министрлиги, медициналык кызматкерлер бардык жарандарды COVID-19 жана пневмониянын жаңы учурлары жана каза болгон учурлары көбөйүп жаткандыгына көңүл бурууңуздарды суранат!

Сиздердин жана жакындарыңыздын ден соолугу сиздин колуңузда!

- жабык имараттарда жана эл көп чогулган жерлерде беткап тагынгыла!
- социалдык аралыкты сактагыла!
- колду улам-улам жуугула жана антисептик колдонгула!
- массалык иш-чараларга баруудан алыс болгула!

Ар бирибиз социалдык жоопкерчиликти алганыбызда, COVID-19 вирусунун жугуусун жана жайылышын азайтууга мүмкүнчүлүк болот!

Пикир

Оставить комментарий